Быйыл өлкө боюнча 53 инновациялык мектеп модернизацияланат

Билим Загрузка... 04 Июнь 2026 15:21
img_1117.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча жалпы 53 инновациялык мектептин базасы толук жаңыланат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштердин алкагында Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинде инфраструктураны модернизациялоо жана имаратты инновациялык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери башталды. Тактап айтканда, заманбап STEM-кабинеттеринин эски терезелерин демонтаждоо, дубалдарды тегиздөө жана полдорду иретке келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Инновациялык мектептерди модернизациялоодо негизги көңүл окуучулардын сапаттуу билим алуусуна зарыл болгон төмөнкү багыттарга бурулат:

  • STEM-кабинеттери: Так жана табигый илимдер үчүн заманбап лабораторияларды уюштуруу;
  • Инфраструктура: Китепканаларды, спорт залдарды жана эмгекке үйрөтүү кабинеттерин заманбап форматта түзүү;
  • Инклюзивдүүлүк: Санитардык түйүндөрдү майыптыгы бар окуучулардын муктаждыктарына ылайыкташтырып куруу;
  • Капиталдык оңдоо: Айрым мектептердин чатырларын, сырткы жасалгасын жана жылытуу системаларын толук жаңылоо.
"Бул масштабдуу иштер окуучулар үчүн коопсуз, заманбап жана эл аралык талаптарга жооп берген сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.