Өлкө боюнча 1 422 комбайн эгин жыйноого даяр

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 12:40
IMG_8466_1-min.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. 2025-жылы республика боюнча 1912 дан эгин жыйноочу комбайндан 1422си эгин жыйноого даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эгин жыйноо иштери негизинен өлкөнүн түштүк аймактарында жүрүп жатат.

Эгин жыйноо жумуштарынын көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында техниканы аймактар боюнча бирдей бөлүштүрүү максатында Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары (РУАР) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде облустарга кошумча 150дөй комбайн тартылары күтүлүүдө.

Учурда өлкөнүн түштүк аймактарында эгин жыйноо иштерине жалпысынан 400гө жакын комбайн тартылган, анын ичинен 100гө чукулу тоо этектери жайгашкан айыл чарба аймактарында иштеп жатат. 2025-жылы бир комбайнга орточо эсеп менен 260,1 гектар аянт туура келүүдө.