Өлкө аймагында бир суткада 35 өрт катталды

Кырсык Загрузка... 07 Июль 2025 11:35
ort.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 35 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 36 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 10;
- Жалал-Абад облусунда – 8;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 4.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.