Өлкө аймагында бир суткада 30 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 27 июнь 2025 13:01
Өлкө аймагында бир суткада 30 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Өлкө аймагында сутка ичинде 30 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,

- Бишкек шаарында – 1;

- Чүй облусунда – 7;

- Жалал-Абад облусунда – 7;

- Ош шаарында – 4;

- Ош облусунда – 6;

- Баткен облусунда – 3;

- Ысык-Көл облусунда – 1;

- Талас облусунда – 1 .

Куткаруу кызматы тарабынан 3 чыгуу болду.