Өлкө аймагында бир суткада 26 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 29 июль 2025 10:34
Өлкө аймагында бир суткада 26 өрт кырсыгы катталды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 26 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 7;
  • Ош шаары - 2;
  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 7;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.