Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 25 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 6;
- Чүй облусунда – 4;
- Баткен облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Нарын облусунда – 4;
- Ош облусунда – 5;
- Талас облусунда – 1.
Өрттү өчүрүүгө 27 күжүрмөн эсеп тартылган.