Ливияда мигранттарды ташыган кемелер чөгүп, 4 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 17 Ноябрь 2025 09:22
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.15.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Ливиянын жээгинде мыйзамсыз мигранттарды ташып бара жаткан эки кеме чөгүп, кеминде төрт адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки кемеде жалпысынан 95 адам болгон.

Ливия Африканын ар кайсы өлкөлөрүнөн Европага жетүүнү көздөгөн мигранттар үчүн Жер Ортолук деңизи аркылуу өтүүчү негизги транзиттик өлкө бойдон калууда.

Жыл сайын миңдеген адамдар кооптуу жол менен Европага өтүүгө аракет кылышат, алардын жүздөгөнү деңиз кырсыктарында курман болушат.

Эл аралык миграция уюмунун акыркы маалыматтарына ылайык, Ливия аймагында 44 улуттун өкүлдөрүнөн турган 867 миңге жакын мигрант жашайт.