Бишкек, 19.08.25 /Кабар/. Индонезиянын Флорес аралында жайгашкан Левотоби вулканы атылып, 7,6 чакырым бийиктикке чейин күл ыргытты. Бул тууралуу өлкөнүн Вулканология жана геологиялык кырсыктардын алдын алуу борбору билдиргенин, ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, күл батыш жана түндүк-батыш тарапка жайылууда.
Бийлик тургундарды тынчтыкты сактоого, коопсуздук көрсөтмөлөрүн аткарууга жана дем алуу органдарын коргоо үчүн маска же респиратор колдонууну эскертти.
Левотоби — эки чокусу бар вулкан. Анын активдүү чокусу Лаки-лаки деңиз деңгээлинен 1 584 м бийиктикте жайгашса, Перемпуан чокусу 1 703 м бийиктикте турат. Индонезия Тынч океандын «Оттуу шакегинде» жайгашкандыктан, бул өлкө сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймак болуп эсептелет. Өлкөдө 500дөн ашык вулкан бар, анын ичинен 130у активдүү.