872 күндүк алаамат – адамдардын аң-сезимин селт эттирген Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эң бир кайгылуу окуяларга айланды. Азыркы арааны ачылып, ач көздүк деген илдет менен жабыркашкан адамдар тарыхтын апааттуу барактарын эзели эстеринен чыгарбоого тийиш. 1940-жылдын 18-декабрында ааламга ээлик кылам деген Адольф Гитлер “Барбаросса” операциясын иштеп чыгып, №21-Аскер директивасына кол койду. “Барбаросса” операциясында 3 миллиондон ашуун калкы бар Ленинград шаарын жер менен жексен кылуу каралган. Ленинградды ээлеп алсак, 333 ири өндүрүш мекемеси менен машина куруу заводдорун алып, бир катар зор байлыктарга ээ болобуз деди. Ленинграддын завод–фабрикаларында ал кезде 565 миң адам эмгектенип, 130 илимий-изилдөө институттарында инженер-ойлоп табуучулар бүтүндөй союздук өлкөлөрдү курал-жарак жана согуштук техникалар менен жабдып аткан убак эле. “Эгер Ленинград шаарын багынтып алсам, Балтика Аскер-деңиз флотун күм-жам кылып дүйнөдөгү эң ири соода портуна айлантам, алгач шаарды шакекче сыңары курчоого алып, тегерек-четтерин эч ким кирип-чыга албагыдай электр зымдары менен тартабыз. Кокус кимдир бирөө чыгууга аракет жасаса, окту мөндүрдөй жаадырууга туура келет. Мына ошондо андагы калк ачарчылыктан өзүнөн өзү өлөт” – деди фюрер.

Гитлердик баскынчылар 1941-жылдын 8-сентябрь күнү шаарды курчоого алды. Бейпил турмуш кечирген элдин турак-жайларынын көбү бомбаланып атты. Шаарды баскынчылардан коргоо үчүн 10 миңдей советтик адам кара жумушка салынып, окоптор казылды. Бетме-бет келишкен немистик аскерлерге кара жумушчулар колдорунда болгон бирин-серин мылтык, лом, балта, бычак менен каршы алышып, танкалардын алдында тепсендиде калды. Тарыхчылардын айтымында, шаарды коргоого алган алгачкы кармашта 135 400 жумушчу окко учкан. Ленинграддан оолак качып өз жанын аман сактагандарды “келемиш” деп жек көрүп, өз шаарын баскынчылардан коргоо үчүн бири бирине шерт беришти. Ошентип курчоодо калган элдин башына анык алаамат келди. Ачарчылык, оору-сыркоо, шаарды бомбалардан тазалоо, фашисттик баскынчыларга кашык каны калгыча туруштук берүү – алардын эң башкы милдетине айланды.

Курчоодо калган шаардыктарда азык-түлүк запастары азайды. Москвадан келе турган жардам да кечигип жатты. Күнүнө 250 граммдык нандын кесимин талон менен алышкан эл арып-ачты. Азык-түлүгү жетишсиз ачка олтурган адамдарга кышкы суук да өчөштү. 1942-жылдын январь-февраль айларында шаарда 100 миңдей адам ачкалыктан аркы дүйнөгө аттанды. 30 градуска жеткен суукта үйлөргө жылуулук менен суу берилбей калды. 1941-жылдын декабрь айында 26 адам ач болгонунан адам этин жегендиги үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Ачка калгандан адам этин жеген мындай тирукмуш көрүнүш 1942-жылдын январында – 356, февралда – 612 окуя деп катталды. Шаар ичиндеги алааматта калган Елена Скрябина 1941-жылдын 8-октябрында күндөлүгүнө: “Адамдар айбанга айланып баратат. Абдан жоош, токтоо жана сулуу делген Ирина Левицкаяны ар дайым ардактаган күйөөсүн сабайт дегенди ким ойлоптур? Эмне үчүн ал күйөөсүн сабайт? Анткени, күйөөсү ар убак тамак сурай берет экен. Ачкөз деп күнөөлөп жатыптыр. Айтор, курчоодогулар ачарчылыктан аргасыз таптакыр башка адамдарга айланды” – деп жазган. 1941-жылдын 20-ноябрында кара жумуш менен иштегендерге 250 грамм, кызматкерлер жана балдар үчүн 125 грамм нанга талондор таратылды.

Жылуулук менен суу берилбеген көп кабаттуу үйлөрдө кышкы ызгаарга жана ачкалыкка чыдай албаган эл кымбат баалуу эмеректери менен китептерин өрттөп жылынышты. Абанын температурасы минус 40 градуска жетти. Көчөлөрдө ачкадан тоңуп өлгөндөрдү жакындары чана менен араң сүйрөгөн көрүнүш көнүмүш адатка айланды. Үрөй учурган жагдайларга туш келгенине карабай, шаардыктар согушта мекенге кызмат кылабыз деп заводдордо тынымы жок иштеп, 57 817 снаряд жана миналарды, 161 300 граната, 84 200 жардыруучу заттарды даярдап фронтко жөнөтүп атышты. Курчоодо калган элдин демине дем кошобуз деген чыгармачыл чөйрө да талыкпай иштеди. Акындар элдин көкүрөгүн жаркытып мекен тууралуу ырларды жазса, артисттер Балтика аскер-деңиз флоту менен Ленинградды коргошкон эр жүрөк жоокерлерге согуш убагында 24 миң концерт коюп, 600 спектаклди тартуулашты. Жазуучулардын чыгармаларында жеңиш сөзсүз биз тарапта болот деген ишеним турду. Айланада адамдардын өлүктөрү тоодой үйүлүп, четинен кырылып атса да келечектен үмүттөрү үзүлбөдү. Майда балдар да каармандыкты көрсөтүп, шаарды тазалоо иштерине аралашты. 1941-жылы декабрь айында мектептерде окуу токтотулсун дегенине карабай Ленинграддагы 39 мектепте сабактар өтүлө берди. Окуучулар тыныгуу учурунда мурдагыдай ызы-чуу салбай заматта улгайган адам сыңары токтоо тартып кетишти. Окуучулар чана менен мектепке суу ташып, урандыларды тазалашты. Сөөк сыздаткан катуу суукта балдардын алсыз колдору үшүгөнүнөн көгөрүп калем кармаганга шайы келбеди. Сыя челектер тоңду. Ушул абалды №148-мектептин 7-классынын окуучусу: “Окуучулар мештин жанында корголошот. Эшиктин жылчыктарынан кирген суук денебизге тарап барат. Мордон чыккан түтүндү катуу суук кайрадан класс ичине айдап кирип, көзүбүздөн жаш шорголойт. Окуганга жана жазганга мүмкүн эмес. Биз пальто, көлөч, кол кап, баш кийимчен отурабыз” деп күндөлүгүнө жазган.

Шаар эли ачарчылыктан кырылып жатса да театрларда, мектептерде Жаңы Жылдык балаты майрамы уюштурулуп, белек-бечкек менен кошо күчтүү тамактар берилди. Бул балаты кечеси балдар үчүн күтүлбөгөн белек болду. Кайсы бир окуучу кыздын 1942-жылдын 6-январында жазган күндөлүгүндө: “Бүгүн балаты майрамы болду. Кандай гана керемет! Чынын айтайынбы, мен коюлуп жаткан пьесаны түк ойлогон жокмун. Акыл-эсимдин бардыгы качан түшкү тамак берилет болду экен!? Түшкү тамак чынында эле укмуштай сонун болду. Бардык балдар кесме, шорпо, ботко, нандарды жанталашып жеди. Бул балатыны эч унутпайм!” – деп жазылган.

Курчап алган фашисттик баскынчылардын бир бурчун жарып кирүү советтик аскерлер үчүн кыйынга турду. 1943-жылы 12-январда Ленинград жана Волхов фронту Балтика флотунун көмөгү аркасында Ладога көлүнүн жээгинен сокку урду. Советтик аскерлер Ленинград ичине кире тургандай кыска жол жасалды. Акыры фашисттик баскынчылар менен айыгышкан кармаш жүрүп, Волхов фронтунун 18-дивизиясы №5чи “Жумушчулар” кыштагына өтүп кирди. 1943-жылдын аягында шаардыктарды Блокададан куткаруу үчүн бир топ аракеттер көрүлдү. 1944-жылы 27-январда Ленинград, Волхов фронттору Кронштадт артиллериясы менен бирге Нева бойлой жайгашкан Ленинградды толук азаттыкка чыгарууга болгон күчүн жумшап, 18-немистик Армиянын таш-талканын чыгарып шаарга кирди. Гитлердик баскынчылар артка чегинди. Ленинграддын аймактарындагы Пушкин, Гатчина, Чудово шаарларын душмандардан толук тазалоо менен Ленинград блокадасы алынды. Азаптуу эки жыл төрт айга созулган убакытта 632 миң адам ачтан өлүп, бомбалоодо курман болушса да тирүү калган калаа тургундары күжүрмөн эрдик менен өз шаарын баскынчылардан коргонго жарашты.

Советтик бийлик Ленинграддагы аялдар менен балдарды шаардан аман алып чыгуу иштерин 29-июнда баштап, 27-августта аяктады. Ленинграддан 488 703 адам эвакуацияланды. Анын ичинен 219 691 адам майда балдар эле. Бирок, ортодо фашисттер темир жолду керектен чыгарып салышкандан кийин кайрадан Ленинградка 175 миң бала кайтып барууга аргасыз болушту. Ладога көлүнө тоңгон муз үстү менен экинчи эвакуация 1942-жылдын апрель айында өтүп, 659 миң киши четке чыгарылды. Үчүнчү эвакуация ошол эле 1942-жылдын майынан октябрь айына чейинки аралыктарда жүрүп, 403 миң адам куткарылган. Жалпы жонунан Ленинграддагы блокадада 1 миллион 500 миң адам башка аймактарга жөнөтүлгөн.