Эрдиги элдин эсинде... Самат Садыков

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 09 Май 2025 16:22
WhatsApp Image 2025-05-08 at 13.49.57.jpeg
copyright icon WWW

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттердин үстүнөн Жеңишке жетүүгө салым кошкон кыргызстандык жүздөгөн баатырлар эч кимдикине окшобогон эрдиктерди жасашкан. Алар согуш талаасында ажалдан тайманбай, баскынчылардын мизин майтарып, кырчын курактарында өмүрлөрү кыйылган. Баатыр аталардын эрдигин кайрадан эске салуу ниетинде айрымдарынын жасаган кадамдарына токтоло кетүүнү эп көрдүк.

Советтер Союзунун Баатыры, Мозырск Кызыл Туу дивизиясынын 16-гвардиялык кавалердик полкунун кенже сержанты Самат Садыков – 1920-жылы 8-майда Лейлек районундагы Кара-Сай айылында жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң колхоздо иштейт. 1940-жылы Кызыл Армиянын катарына аскерге чакырылат.

1943-жылы согушка чакырылган Садыков Беларусь жана Польша жерлеринде душмандар менен салгылашып, өзүнүн эр жүрөк жоокер экенин айгинелейт. Польшадагы салгылаш учурунда пулемётчу Самат Садыков 300дөй немистик жоокерди жок кылат. Башынан катуу жарадар болгонуна карабай кармашты улантып, дагы 2 майор, 15 офицерди өлтүрөт.

Самат Садыков кызмат өтөгөн 16-Гвардиялык кавалериялык полктун командири да анын согуш талаасында өзүн мыкты жоокер катары көрсөтүп, ар бир салгылашта тайманбастыгына жогору баа берген. Бирок, аттиң эки жыл бою далай жолу ажалдан аман калып олтуруп качан советтик армия Берлин операциясында Германиянын Фризак шаарында Самат Садыков 1945-жылдын 1-май күнү баатырларча курман болуп олтурат. Анын Ата Мекен дегенде жалындап күйгөн жүрөгү, жасаган эрдиктери жаш муундарга түбөлүк үлгү бойдон калат.