Ленин РИИБнин тергөөчүсү ири суммадагы пара менен кармалды

Укук тартиби 20 апрель 2026 13:40
WhatsApp Image 2026-04-20 at 12.21.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-20 at 12.21.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-20 at 12.21.26.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-20 at 12.21.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-20 at 12.21.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-20 at 12.21.26.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү ири суммадагы пара менен кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК ИИМ менен биргеликте тергөөчү О.А.Ж. тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктап, бөгөт койду.

Ал алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана издөөдөн чыгаруу үчүн Кыргызстандын жаранынан 25 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 17-апрелдеги токтому менен О.А.Ж.га карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.