Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан уурулук фактыларына шектелип эки жаран кармалды.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Аламүдүн РИИБине арыз менен И.З. атту жаран кайрылып, ал арызында, 2025-жылдын 19-сентябрында арыз ээсинин Аламүдүн районунун, Ленин айылындагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, 700 000 рубль, 500 000 сом жана 1 000 000 сомдон ашык баалуу зер буюмдарын (алтын жана асыл таштар) уурдап, качып кетишкен.
Аталган факты каттого алынып, кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн бир катар ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүүлөр аныкталып, алар 2001-жылы туулган Ю.А., 1964-жылы туулган К.С. атту жаран болуп аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Аламүдүн районунда аталган адамдар тарабынан жасалган бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды.
Мындан тышкары, шектүүлөр Чүй облусунун башка райондорунун, ошондой эле Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарында да ушул сыяктуу кылмыштарга шектелип, тергөө амалдары жүрүүдө.