Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Лейлекте жабыркаган аскердин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалымдалгандай, 4-апрелде Лейлек райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жол кырсыгынан оор жаракат алган 2004-жылы туулган аскер кызматкери Н.Д. тез жардам аркылуу жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүнө өтө оор абалда жаткырылган. Ага баш сөөгүнүн жабык жаракаты, мээнин оор даражадагы чайкалышы жана мээге кан куюлуу диагноздору коюлган.
Травматологдор, невропатологдор жана нейрохирургдар менен консилиум өткөрүлүп, адистештирилген жардам көрсөтүү жана операция жасоо үчүн Оштон санавиация менен дарыгерлер жөнөтүлүп, бейтапка операция жасалды. Учурда ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, мүмкүн болгон бардык медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Алдыда профилдик адистердин катышуусунда кошумча консилиум өткөрүү пландаштырылган. Бейтаптын абалы турукташкандан кийин, аны андан ары дарылоо үчүн республикалык мекемелерге которуу маселеси каралат. Белгиленгендей, бейтапты ташуу медициналык көрсөткүчтөр боюнча чектелген жана анын абалы толук турукташкандан кийин гана мүмкүн болот.
"Аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүү маселеси Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүнө алынды. Саламаттык сактоо министрлигине бейтапты дарылоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилген", — деп айтылат маалыматта.