Лейлекте немец технологиясы менен газоблок чыгарылууда. Касымалиев заводго барды

Министрлер кабинети Загрузка... 02 Июнь 2026 16:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерге баш бакты.

Сапардын жүрүшүндө минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы  айылындагы “Мега Газоблок КейЖи” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгиленгендей, немец технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгаруучу завод, экологиялык таза курулуш материалын чыгарууда. Ишкана күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу автоклавдык газоблок чыгара алат.

Белгилей кетсек, бул өндүрүштүн ачылуусу,  чек арадагы айыл үчүн экономикалык жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.