Латвияда мигранттарга каршы курал колдонууга уруксат берилди

Дүйнө Загрузка... 11 Июль 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-07-11 at 10.04.38 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Латвиянын ички иштер министри Рихардс Козловскис мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшүүдө экстремалдык чараларды колдонууга, тактап айтканда, аларга каршы ок атуучу курал колдонууга жол берди. Бул тууралуу БелТА агенттиги маалымдады.

Министрдин айтымында, учурда мигранттардын колунда курал жок болгонуна карабастан, алар тараптан чек арачыларга карата агрессия жана баш ийбөөчүлүк күч алууда.

“Булар негизинен 30 жаштагы жигиттер. Азырынча ок атуучу курал колдонуунун зарылчылыгы жок, бирок кырдаал курчуп кетсе колдонууга туура келет”,-деген министр.