Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Ландо Норрис биринчи жолу Формула-1 мелдешинин чемпиону болду. Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Ландо Норрис Абу-Дабиде өткөн быйылкы Формула-1 сезонунун финалында чемпион аталды.
Бул 26 жаштагы "Mакларен" командасынын айдоочусунун биринчи чемпиондук титулу. Буга чейин Макс Ферстаппен төрт жолу катары менен чемпиондукту жеңип алган.
Абу-Дабидеги чемпионаттын акыркы жарышында британиялык спортчу 3-орунду ээледи. Макс Ферстаппен биринчи орунга чыгып, жеңишке жетсе, Норристин командалашы Оскар Пиастри 2-орунду ээледи.
2025-жылкы сезондун 24-этабынан кийин Норрис 423 упай топтоп, алдыга чыкты. Макс Ферстаппен эки упайга артта калып, 2-орунду алды. Оскар Пиастри 410 упай менен үчүнчү орунду ээледи.