Күзүндө Ысык-Атада 100 орундуу төрөт үйү ачылат

Ден соолук Загрузка... 24 Март 2026 12:44
1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы оорукананын имаратына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, оңдоо иштери аяктагандан кийин бул жерде 100 орундуу облустук төрөт үйүн ачуу пландалууда.

657318876_956577023436333_4963372226159778578_n

Чүй облустук саламаттык сактоо координатору Алмаз Аскаровдун маалыматына ылайык, капиталдык оңдоо иштерине Турукташтыруу фондунан каражат бөлүнгөн, иштерди үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгиленгендей, учурда Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча болуп иштеген имаратта жайгашкан. Бул өз кезегинде толук кандуу адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү чектеп келет.

"Долбоорду ишке ашыруу кош бойлуу аялдарга жана энелерге медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап жана талаптарга жооп берген шарттарды түзүүгө, ошондой эле эне жана баланы коргоо тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
655815618_956577000103002_3265763730227315493_n