Күз-кыш мезгилине камылга: Бишкекте отказандар жасалууда

Коом 05 Май 2025 17:05
1746433495 (1).jpg
1746433690.jpg
1746433671.jpg
1746433647.jpg
1746433520.jpg
1746433508.jpg
Алдыга
Артка
1746433495 (1).jpg
1746433690.jpg
1746433671.jpg
1746433647.jpg
1746433520.jpg
1746433508.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 05.05.25. /Кабар/. Бишкекте күз-кыш мезгилин утурлай отказандар жасалууда.

Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев газ менен иштей турган отказандар жасалып жаткан “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына барды.

Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон эки отказан жасалып бүттү. Алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карата дагы 9 отказан даярдалат.

Таалайбек Байгазиев ишканада буга чейин көмүр менен иштеген отказандар жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатканын белгиледи.

"Бул Бишкек мэриясы үчүн чоң жетишкендик. Отказандарды буга чейин сырттан сатып алып келген болсок, эми жогорку сапатта өзүбүз жасап жатабыз. Отказандар алдыдагы жылытуу мезгилинде отканаларга орнотулуп, ишке кирет. Шаарыбыздын экологиялык абалын жакшыртуу максатында газ менен иштей турган отказандарды жетиштүү санда чыгарууга даярбыз. Мындай отказандар алда канча үнөмдүү”, - деди ал.

Борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасындагы оңдоо-өндүрүш тилкесинде 11 даана кубаттуулугу 1 МВт, 3 МВт жана 5 МВт болгон газ менен иштөөчү отказандар жасалууда.

Даяр болгон отказандар 2025-2026-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинде ишке берилет.