Кызыл-Туу – Манас-Ордо жолуна августтун аягына чейин асфальт төшөлүп бүтөт

Аймак 24 Август 2026 09:10
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.08.00.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кызыл-Туу – Манас-Ордо унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдиргендей, учурда жол куруу иштерине 40ка жакын атайын техника жана 50гө жакын жумушчу тартылып, иштерди жүргүзүүдө.

"Асфальт төшөө иштерин август айынын аягына чейин аяктоо пландалууда", - деди ал.

Министр жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи.