Кызыл-Кыядагы социалдык объекттердин кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 124 14 Август 2026 12:45
772547485_1594754432018006_7721736039785690938_n.jpg
771983522_1594754482018001_7760433937619426685_n.jpg
772510798_1594754422018007_3341097001985148798_n.jpg
773603608_1594754462018003_1159476005081309454_n.jpg
771757167_1594754525351330_901913390966939231_n.jpg
772230082_1594754532017996_6493908238693681454_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысынын орун басары Абдурашит Ташбалтаев Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык жана стратегиялык объекттердин күз-кыш мезгилине даярдыгын жеринен текшерди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө "Кызыл-Кыя жылуулук муниципалдык" ишканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараты, шаардык төрөт үйү, билим берүү мекемелеринин жылуулук берүү мезгилине даярдыгы каралды.

Текшерүүдө жылуулук системаларынын абалына, отун базаларынын даярдыгына жана социалдык объекттердин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу жана күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.