Кызыл Чырым уюму 30 палестиналыктын сөөгүн Газага тапшырды

Дүйнө Загрузка... 23 Октябрь 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-10-23 at 08.23.07 (1).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлдөрү анклавда каза болгон 30 палестиналыктын сөөгүн Газага тапшырды. Бул тууралуу Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин атайын билдирүүсүнө таянып, ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, жалпы жонунан Израилден алынган палестиналыктардын сөөктөрүнүн саны 195ке жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги кошумчалагандай, атайын топтор сөөктөрдү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө өткөрүп берүү үчүн алардын өздүгүн тактоо иштерин улантууда.

Министрлик ошондой эле Израиль тарап өткөрүп берген 57 сөөктүн өздүгү такталганын белгиледи.

Эске салсак, 6-октябрда Израиль менен палестиналык Хамас кыймылынын делегациялары Египет, Катар, АКШ жана Түркиянын ортомчулугу менен Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 9-октябрда тараптар АКШ президенти Дональд Трамп мурда сунуштаган тынчтык планынын биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшкан. Газада ок атышпоо келишими 10-октябрда күчүнө кирген.