“Кызматтын” долбоорлору ишке ашса, бийликтин элге кылган чоң жакшылыгы болот – депутат

Коом Загрузка... 02 Апрель 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. “Кызмат” мекемесинин бардык долбоорлору ишке ашса, азыркы бийлик менен өкмөттүн кыргыз элине кылган эң чоң жакшылыгы болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин иши менен таанышуу учурунда журналисттерге билдирди.

Ал өз сөзүндө, аталган мекемеде санарип технологияларды мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө киргизүү, жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүүдө активдүү иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

“Пандемия учурунда көргөндөй социалдык жардамдашуу деген бизде жок болуп кеткен. Ооруканаларда жана башка социалдык тармактарда тейлөө абал начар, экономика талкаланган абалда алсыз өлкө болчубуз. Эгер “Кызмат” мекемесинин, Иш башкармалыктын, Санариптик өнүгүү жана инновациялар технологиялары министрлигинин бул аракеттери ишке ашса, Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт. Мында бардык документтер санариптештирилип, айыл чарбасы, өндүрүш дегеле кызмат көрсөтүү жаңы деңгээлге чыгып, тарыхый өзгөрүүлөргө барат”,- деди эл өкүлү.

Ошондой эле Балбак Түлөбаев баса белгилегендей, мекеменин санариптик долбоорлору министрликтердин иштөөсүн жакшыртып, кызмат көрсөтүүдө адамдык факторлорду азайтууга жардам берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда санарип трансформацияны ылдамдатуу максатында “Кызмат” мамлекеттик мекемеси төмөнкү негизги долбоорлорду ишке ашырууда:

- Кызмат ID – бир нече кагаз документтердин ордун баса турган универсалдуу санариптик идентификация картасы. Анын жардамы менен жарандар маалымкаттарды чогултпай эле, мамлекеттик кызматтарды оңой жана ыкчам ала алышат.

- Жаңыланган «Түндүк» платформасы – жакын арада колдонуучулар үчүн бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Мобилдик тиркеменин интерфейси жаңыланып, туруктуулугу жогорулайт. Ошондой эле аттестат, диплом, аскердик билет сыяктуу маанилүү документтерди электрондук форматта сактоо жана колдонуу мүмкүнчүлүгү кошулат.

- Кадастр үчүн санариптик чечимдер – кыймылсыз мүлккө байланыштуу каттоо жана эсепке алуу иштерин жөнөкөйлөштүрүү үчүн заманбап технологиялар иштелип чыгууда.

- Кыймылсыз мүлк жана унаа камсыздандыруусу – камсыздандыруу полистерин онлайн алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылат, бул процессти тездетип, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет.

- Туристтерди милдеттүү камсыздандыруу – Кыргызстандын аймагына келген туристтер үчүн кошумча коргоо механизми түзүлүп, күтүүсүз кырдаалдарда кепилденген жардам көрсөтүү системасы киргизилет.

Бул долбоорлор ишке ашса, Кыргызстан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жаңы деңгээлге чыгарып, жарандарга ыкчам жана ыңгайлуу кызматтарды сунуштай алат.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештеги "Ынтымак" жана "Альянс" фракцияларынын депутаттары "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жана "Учкун" акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.