“Кызмат” мекемесинин жаңы имаратында күнүнө 5 миңге жакын жаранга кызмат көрсөтүлөт

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 16:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Бишкекте президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратында бир күндө 5 миңге жакын жаранга кызмат көрсөтүлүп, заманбап талаптарга жооп берген санариптик технологиялар борбору жайгашат. Бул тууралуу бүгүн аталган имараттын курулуш иштери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тааныштырылган учурда маалым болду.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров белгилегендей, заманбап имараттын жалпы аянты - 20234,09 чарчы метрди түзүп, 7 кабаттан турат.

WhatsApp Image 2025-09-19 at 16.28.14.jpeg

“Жалпыга маалым болгондой, курулушка жыл башында капсула салганбыз. Бүгүнкү күндө курулуш иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Болжол менен 2026-жылдын башы менен пайдаланууга берилет. Бул жерге Бишкек шаарынын төрт районунун калкты тейлөө борбору жайгаштырылат.

WhatsApp Image 2025-09-19 at 16.29.00.jpeg

Учурда Бишкек шаарындагы КТБларда кезек күтүү көйгөйү бар. Бул жаңы имараттын колдонууга берилиши менен бул маселе чечилет. Андан сырткары кызматтардын көпчүлүгү “Түндүк” тиркемесине да киргизилүүдө. Бул дагы жарандар үчүн жеңилдиктерди түзүп берүүдө”,-деди директор.

WhatsApp Image 2025-09-19 at 16.29.18.jpeg

Жаңы имараттын 1-2-кабатында калкты тейлөө борбору, ар бир кабатта 360 орундуу күтүү залы, VIP-зона, эне-бала бөлмөсү, фото кызматтары жана нотариус болот. Ал эми 3-кабатта Мамлекеттик персоналдаштыруу борбору жана 4-кабатта архивдик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле 5-7-кабатта кызматкерлердин кеңселери жана жетекчилик кабинеттер орун алат.

Андан сырткары, ал 252 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай, жылуулук борбору, көзөмөл өткөрмө пункту менен камсыздалат.