“Кызмат” мекемесинде жеке маалыматтарды сактоого өзгөчө көңүл бурулат - Камбаров

Коом Загрузка... 01 Апрель 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чолпон Жумалиева

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. “Кызмат” мамлекеттик мекемесинде жеке маалыматтарды сактоого өтө чоң көңүл бурулат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мекеменин маалыматтык коопсуздукту сактоо бөлүмү жеке маалыматтарды коргоодо УКМК менен биргеликте иштейт.

““Кызмат” мекемесинин түзүмүнүн борбордук аппаратына тийиштүү Маалыматтык коопсуздукту сактоо бөлүмү бар. Бөлүм коопсуздукту сактоо боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен тыгыз иштешет. Жеке маалыматтар менен иштеген адамдар УКМК тарабынан текшерүүдөн өтүп, алардын ар биринин иши көзөмөлдөнүп турат. Жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетиши эч мүмкүн эмес”,- деди Камбаров.

Белгилей кетсек, мекеменин жетекчиси тиркемеде көрсөтүлүп келген кызматтарды жакшыртуу жана жаңы кызматтарды киргизүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

““Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Түндүк” тиркемесинин эң негизги иштеп чыгуучусу. тиркемеге жаңы онлайн Кадастр системасын, камсыздандырууну жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталын киргизүү иштери жүргүп жатат. Толук иш аяктагандан кийин жарандар батир алуу үчүн “Түндүк” аркылуу эле кезекке тура алышат. Биздин негизи максат жарандарыбызга ыңгайлуу болуусу үчүн бардык кызматтарды “Түндүк” тиркемесине киргизүү”,- деди ал.

Ошондой эле жылдын аягына чейин мамлекеттик органдар көрсөткөн маалым каттан баштап бардык кызматтарды онлайнга өткөрүү максаты коюлгандыгын мекеменин жетекчиси кошумчалады.