Кыздар арасында волейбол боюнча өлкө чемпионаты өттү

Спорт 26 Март 2025 14:00
486918337_1089616579880862_6503356796013101349_n.jpg
487203221_1089616639880856_1415126041090000926_n.jpg
486755695_1089616636547523_7937911367361054944_n.jpg
487124994_1089616576547529_1569729107630333595_n.jpg
486813132_1089616559880864_8805677009971011415_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Кыздар арасында волейбол боюнча өлкө чемпионаты өттү.

Мэриядан билдиришкендей, Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук оюндар мектебинин тарбиялануучулары Караколдо өткөн Кыргызстандын волейбол боюнча чемпионатында жеңишке жетишти.

Мелдешке 16 жашка чейинки кыздар катышып, 11 команда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келип, чемпиондук наам үчүн таймашты.

Жыйынтыктар:

1-орун – Бишкек (ОРАБӨСОМ);
2-орун – Ысык-Көл облусу;
3-орун – Ош.

Чемпионат жогорку деңгээлде өтүп, жаш волейболчулар жеке чеберчиликтерин жана командалык ынтымагын көрсөтүштү.

"Бул мелдеш алардын спорттук карьерасында маанилүү этап болуп, чеберчилигин жакшыртууга жана келечектеги турнирлерге даяр болууга мүмкүнчүлүк берди",-деп айтылат маалыматта.