Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. “Мыкты улакчы” номинациясы Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Кыяз Ниязовго ыйгарылды.
Сыйлыкты аземде Көк бөрү федерациясынын президенти Айбек Шамшидин уулу тапшырды.
Улакчы Кыяз Ниязовго VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому жана 300 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты берилди.
Белгилей кетсек, Кыяз Ниязов Кыргызстан менен Казакстандын курамалары кез келген көк бөрү оюнунун финалындагы оюнда атаандашынын тайказанына эки ирет улак таштаган.