Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын учак командири Канатбек Абсатаров Кыргызстандын жарандык авиация күнүнө карата «Кабар» маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берди. Маекте ал авиациядагы басып өткөн жолу, учкучтун күнүмдүк турмушу, кесиптин кыйынчылыктары тууралуу кеп салып, абада жашоону кыялданган жаштарга кеп-кеңешин айтты.
— Канатбек Абсатарович, учкуч болууга эмне түрткү болду?
— Бул суроого дээрлик бардык учкучтардын жообу окшош: мен дагы бала кезимден учкуч болууну кыялданчумун. Ар дайым учкучтарды башкалардан айырмалап турган өзгөчө билими жана сапаттары бар деп ойлочумун. Бирок убакыттын өтүшү менен алдыга максат коюп, ошого умтулсаң кыялдар орундалаарын түшүндүм. Мен авиацияны татаалдыгы жана кооздугу үчүн жакшы көрөм.

— Кадимки жумуш күнүңүз учуунун алдында кандай башталат?
— Бизде эртең мененки саат 9:00дөн 18:00гө чейин туруктуу график жок. Самолёттор күнү-түнү учат, андыктан учкучтун жумуш күнү эртең менен, түштөн кийин, жада калса түнкүсүн башталышы мүмкүн. Мунун баары алардын учуу убактысына жараша болот. Адатта, маршруттук автобус бизди учуп кетээрден эки саат мурун үйдөн тосуп алат, биз аэропортко учуп кетээрге 1,5 саат калганда жетебиз. Алгач баары медициналык текшерүүдөн башталат. Андан кийин экипаждын бардык мүчөлөрү, анын ичинде экинчи учкуч жана стюардессалар менен брифинг бөлмөсүнө барабыз.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биз маршрутту, учуп кетүү үчүн аба ырайын, бара турган жерди жана кошумча аэропортторду жана мүмкүн болгон турбуленттик аймактарды карап чыгабыз. Андан кийин учак текшерилет. Капитан учакты сырткы текшерүүсүн жүргүзөт: канаттарын, шассилерин, кыймылдаткычтарын жана бардык тышкы сенсорлорду текшерет. Бул жөн гана формалдуулук эмес, өтө маанилүү процедура. Кийинкиси кабинадагы даярдык: системаларды текшеребиз, учуу планын компьютерге киргизебиз, приборлордун көрсөткүчтөрүн салыштырабыз, учуу үчүн керектүү май, учуу жана конуу ылдамдыгын эсептейбиз. Булардын баары атайын чек-лист боюнча жасалат.
— Сиздин оюңузча, учкучта кайсы сапаттар маанилүү?
—Учкуч болуу үчүн теориялык татаал окуу процесси, симулятор, реалдуу учуулардагы көптөгөн экзамендерден өтүү керек.
Эгер сенде психологиялык туруктуулук, стресс маалында туура чечим кабыл алуу жөндөмү болсо — анда сен авиацияга ылайыксың.
—Узак каттамдарда стресс жана чарчоо менен кантип күрөшөсүз?
— Жарандык авиацияда кандай гана өзгөчө кырдаал болбосун бул, негизинен, стресс. Кыргыз авиациялык институтунда абитуриенттер атайын психологиялык тесттерден жана машыгуулардан өтөт, бул кийин иш жүзүндө чоң жардам берет.
Стрессти алдыга болжолдоп, алдын алуу да маанилүү. Ар бир рейстин алдында командир брифинг өткөрөт, мүмкүн болгон бузулуулар, кырдаалдар талкууланып, иш-аракеттерди элестетүү (визуализация) аркылуу даярдык көрүлөт.

— Карьераңыздагы эң эсте калган учуу кайсы болду?
— Эң унутулгус рейс Мальдив аралдарына болгон. Жаңы Жыл алдында кеңседен чалышып, 1-январда Мальдивге рейс сунушташты, кайтып келүү — 10-январда. 10 күн Мальдивде эс алуу, дагы үстүнө акча төлөшөт!
Мен үй-бүлөм жана жакындарым үчүн да тур сатып алып, коопсуз, ийгиликтүү учуп келдик, конуулар да өтө жумшак болгон. Бул мен үчүн эң жагымдуу жана эстен кеткис рейс болуп калды.
— Абада кандайдыр бир адаттан тыш же оор кырдаалдарга туш болдуңуз беле?
— Ооба, таптакыр. Авиацияда ар дайым өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу керек. Бактыга жараша, алардын көбү белгиленген жол-жоболорду колдонуу менен чечилет. Учуп баратканда капкактары тартылбай калганын билдирген сигнализация иштеген окуя болгон. Биз инструкцияларды так аткарып, коопсуз бийиктикке жеттик, бузулуу тууралуу контроллерге кабарладык, бузулууларды жоюу процессин баштадык, бардык процедураларды жана текшерүү баракчаларын аткардык, капкактар жыйналып, сигнал өчтү жана биз учууну уланта алдык.
— Учкуч болууну кыялданган жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Жакшы оку. Математика, физика жана англис тилине көңүл бур. Математика, физика жана англис тилине басым жасаңыздар. Англис тили — эл аралык авиациянын тили, ансыз мүмкүн эмес.
Ар тараптуу өнүккүлө, спорт менен машыккыла, бул дисциплина берет. Узак жолго даяр болгула: пилот болуу — бул түбөлүктүү окуу, медициналык кароолор, симуляторлор, экзамендер жана, албетте, романтика.
Эч качан багынбаңыздар. Эгер бул сиздин чыныгы кыялыңыз болсо — ага жетүү үчүн эмне болбосун жеңип өтүңүз.