Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш темпи кандай?

Министрлер кабинети 27 Июнь 2026 13:08
6a3e8e6f4a5fb.jpeg
6a3e8e74c52ba.jpeg
6a3e8e7509027.jpeg
6a3e8e74c5e76.jpeg
Алдыга
Артка
6a3e8e6f4a5fb.jpeg
6a3e8e74c52ba.jpeg
6a3e8e7509027.jpeg
6a3e8e74c5e76.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы Чжоу Синь менен жолукту. 

Жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун негизги маселелерин сүйлөшүп, бул долбоор мамлекеттер үчүн стратегиялык мааниге ээ жана аймактык байланышты өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы эл аралык транспорт коридорун түзүүгө багытталган негизги инфраструктуралык элементтердин бири болоорун белгилешти. 

Анда Эрлист Акунбеков, кыска мөөнөттүн ичинде темир жолдун масштабдуу курулушунун башталышын камсыз кылган биргелешкен ишкананын жигердүү жана жемиштүү ишин белгиледи. 

“Ушул айдын башында мен жеке өзүм Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы объектилердин бирине барып иштин жүрүшүн текшергенде, иштин темпи туруктуу жана сапаты белгиленген талаптарга жооп берерине ынандым. Ошону менен бирге министрлер кабинети долбоорду каржылоону камсыз кылуу боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат”, - деди ал.

Ошондой эле кытайлык адистердин темир жол куруудагы бай тажрыйбасын жана жогорку потенциалын эске алуу менен курулуштун темпи мындан ары да тездеп, темир жол белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөөрү белгиленди. 

Мындан тышкары, бул эл аралык темир жолду курууда долбоордук документте каралган мыйзам талаптарынын жана экологиялык стандарттардын так сакталышын камсыз кылуу белгиленип, анда экология маселесине, тарыхый-маданий мурастарды сактоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылды.