Кытайлык докторанттар КМУда кыргыз тарыхын изилдеп жатышат

Билим 18 сентябрь 2026 16:40
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 15.41.39.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кытайдын Ланьчжоу университетинин PhD докторанттары билим алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, университеттин ректору Айгүл Абдраева Кытайдын Ланьчжоу университетинин PhD докторанттары Ма Цзиньлун жана Чжао Дунпэн менен жолугушту.

Жолугушууда окуу жана илимий изилдөө иштеринин багыттары, ошондой эле эки окуу жайдын ортосунда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды.

Ма Цзиньлун менен Чжао Дунпэн Э. Маанаев атындагы Тарых жана башкаруу институтунда тарых багыты боюнча изилдөө жүргүзүүдө. Алар кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын үйрөнүү менен бирге кыргыз тилин да өздөштүрүп жатышат.

“Бул кызматташтык эки университеттин ортосунда түзүлгөн академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ишке ашууда”, - деп айтылат маалыматта.