Кытайлык астронавттар космосто биринчи жолу барбекю жасашты

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 11:25
WhatsApp Image 2025-11-06 at 08.43.39.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Кытайлык астронавттар космосто биринчи жолу барбекю жасашты. Бул тууралуу Global Times гезити Кытайдын астронавттар борбору тарабынан жарыяланган видеого шилтеме келтирип билдиргенин, БелТА агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кытайлык "Шэньчжоу-20" жана "Шэньчжоу-21" миссияларынын экипаждары космосто тамак бышыруу үчүн иштелип чыккан жаңы мешти колдонуп, "Тяньгун" орбиталык станциясында биринчи жолу барбекю бышырышты.

Видеодо космонавттар тооктун канаттарын 28 мүнөттө грилде бышырып жатканы көрсөтүлгөн.

Алар ошондой эле "Шэньчжоу-20" миссиясынын командири үчүн кара мурч кошулган стейк бышырышканын көрүүгө болот.