“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” коридору Чыгыш жана Түштүк Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Европаны байланыштыра турган стратегиялык көпүрө болууга жөндөмдүү эң келечектүү долбоорлордун бири катары каралууда. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Конфликтология жана саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдердин доктору Токон Мамытовдун кеңири изилдөөсүндө айтылат. Ал өзүнүн анализдик материалын “Кабар” маалымат агенттигине сунуштады.
Изилдөөдө белгиленгендей, Евразиядагы логистикалык системанын глобалдык трансформациясы — санкциялык режимдер, саясий туруксуздук жана транспорттук агымдардын өзгөрүшү — жаңы, туруктуу транзиттик багыттарды түзүүгө болгон муктаждыкты күчөттү.
“Кыргызстан бул системада өзгөчө маанилүү орунга ээ. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөнү Евразиянын башкы транзиттик мамлекеттеринин катарына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү КыргызстКыргызстандын улуттук өнүгүү стратегияларындагы бир катар максаттарга жооп берет”, — деди Токон Мамытов.
Максаттар:
1. экономикалык суверенитетти чыңдоо;
2. тышкы соода жана транспорттук байланыштарды диверсификациялоо;
3. Евразиялык жана Чоң Евразиялык интеграцияга катышууну күчөтүү;
4. өлкөнүн геосаясий салмагын арттыруу.
Дүйнөлүк транспорттук архитектурадагы өзгөрүүлөрдүн себептери:
- “Кытай – Казакстан – Россия – Европа” түндүк багытына санкциялардын түздөн-түз таасири;
- камсыздандыруу жана укуктук процедуралардын татаалдашы;
- европалык жүк жөнөтүүчүлөр үчүн тарифтик жана тарифтик эмес тобокелдиктердин өсүшү.
Бул жагдайлар соода агымдарын диверсификациялоону объективдүү зарылдыкка айлантууда.
Каспий аркылуу өтүүчү багыттын чектөөлөрү. Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынганына карабастан, Каспий деңизи аркылуу өтүүчү коридор төмөнкү тоскоолдуктарга туш болууда:
1. порттордун өткөрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү;
2. паромдук ташуулардын жогорку наркы;
3. мультимодалдык операциялардагы кечигүүлөр;
4. технологиялык “тескөө чекиттеринин” көптүгү.
Бул факторлор Каспий багытынын Кытай менен Европанын ортосунда туруктуу магистралга айланышын кыйындатат.
Иран жана Түркиянын жаңы ролу. Иран Евразиялык транспорттук тармактагы ролун төмөнкү факторлор аркылуу күчөтүүдө:
- “Түндүк – Түштүк” мегадолбооруна интеграция;
- өнүккөн темир жол жана автожол инфраструктурасы, ошондой эле Пакистан, Афганистан, Түркия жана башка мамлекеттер менен транспорттук каттамдардын болушу;
- Кытай менен түзүлгөн стратегиялык келишимдер.
Түркия “Евразиялык логистикалык хаб” макамын төмөнкүлөр аркылуу чыңдоодо:
1. Карс – Анкара – Стамбул темир жол коридору;
2. Мармарай туннели;
3. Жер Ортолук жана Эгей деңиздериндеги порттор;
4. Италия, Греция жана Болгарияга туруктуу контейнердик линиялар.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун артыкчылыктары
Бул темир жол жогорудагы интеграциялык долбоорлордун борбордук элементи болуп саналат жана төмөнкү артыкчылыктарга ээ:
1. Кытайды Жакынкы Чыгыш менен туташтырган түз кургактык линиянын түзүлүшү;
2. жеткирүү мөөнөтүнүн олуттуу кыскарышы;
3. кең масштабдуу экономикалык мультипликативдик таасир.
Бул долбоордун ишке ашуусу Кыргызстан үчүн алдыдагы ондогон жылдарга транзиттик статусун аныктап берет. Долбоор техникалык жактан даяр жана укуктук жактан туруктуу.
Өзбекстандын мүмкүнчүлүктөрү: - өнүккөн магистралдык темир жол түйүнү;
- Түркмөнстан жана Иран менен түз байланыш;
- транспорттук инфраструктураны модернизациялоонун узак мөөнөттүү программалары.
Түркмөнстан – Иран багыты: толук иштеп жаткан темир жол тармагы, саясий туруктуулуктун жогорку деңгээли, Өзбекстан жана Иран менен формалдашкан транзиттик келишимдер.
Афганистан аркылуу өтүүчү альтернативдүү долбоор. Хайратон — Мазари-Шариф — Герат — Иран коридорунун артыкчылыктары: эң кыска аралык, Кытай, Иран жана Пакистандын каржылоого кызыгуусу, “Бир алкак, бир жол” концепциясына шайкештик.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун Европага туташтырууда Түркиянын ролу: Карс — Анкара — Стамбул темир жол коридору, Мармарай туннели, Мерсин, Измир, Стамбул порттору, Европага чыгуучу туруктуу контейнердик линиялар.
Казакстан менен Өзбекстандын стратегиясы. Бул мамлекеттер Евразия транзитиндеги лидерлигин чыңдоого, Кытайдын жана башка өнөктөштөрдүн инвестицияларын тартууга, атаандаш багыттардын ролун азайтууга умтулууда.
Кыргызстан бул процесстерден сыртта калбоо үчүн саясий жана экономикалык координацияны күчөтүүгө тийиш.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл чаралар:
1. Кытай, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен эки тараптуу келишимдерди жаңылоо;
2. көп тараптуу меморандум даярдоо (Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан, андан ары: Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Иран, Түркия, Пакистан);
3. бажы, фитосанитардык жана тарифтик эрежелерди синхрондоштуруу.
Долбоор Кыргызстанга бере турган мүмкүнчүлүктөр: - транзиттик кирешелердин өсүшү;
- логистикалык индустриянын калыптанышы;
- Нарын жана Ош облустарынын өнүгүшү;
- эл аралык логистикалык борборлордун түзүлүшү. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун Кыргызстан үчүн мааниси: Кытай менен Жакынкы Чыгыштын ортосундагы транзиттик көпүрө, Евразиянын маанилүү звеносу, Түркия, Иран, Кытай, Россия жана башка өлкөлөр үчүн стратегиялык өнөктөш.
"Жыйынтыктап айтканда, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” коридору XXI кылымдын эң келечектүү евразиялык транспорттук магистралдарынын бири болуп саналат. Анын ишке ашуусу Борбордук Азиянын транспорттук-экономикалык архитектурасын түп-тамырынан өзгөртүп, Кыргызстанга транзиттик держава макамын алып келүүгө жөндөмдүү", - деп белгиледи Токон Мамытов.