Кытайдын түштүгүндөгү жер көчкүдөн үч адам каза болду

Дүйнө 20 май 2025 10:44
Кытайдын түштүгүндөгү жер көчкүдөн үч адам каза болду

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гаочжоу шаарындагы жер көчкүдөн үч адам каза болуп, бирөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, кырсык күн мурун саат 07:00 чамасында шаардын четиндеги Пинтуган айылында болгон. Үч кабаттуу бир имарат жабыркап, жети адамды басып калган. Куткаруучулар тарабынан 6 адам табылып, куткарылган.

Медицина кызматкерлеринин аракетине карабай алардын үчөө ооруканада каза болушкан. Калган үчөөнүн абалы туруктуу деп бааланууда.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.