Бишкек, 30.08.26 /Кабар/. Кытайдын Нанкин шаарында ”Манас” маданий борборун түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул маселе Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбековдун Цзянсу провинциясындагы Сухао холдингинин Директорлор кеңешинин төрагасы Юэ Лян менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
Маданият министрлигинин маалыматына караганда, планга ылайык, борбор Улуу ”Манас” эпосун, анын ичинде ”Манас”, ”Семетей“ жана ”Сейтек” дастандарын Кытай коомчулугуна кеңири таанытуучу маданий аянтча болмокчу.
Борбордо музей, китепкана жана көргөзмө залдарын уюштуруу, ошондой эле манасчылардын аткарууларын, илимий конференцияларды жана чыгармачылык жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Демилге кыргыз-кытай маданий байланыштарын чыңдоого жана эки элдин достугун бекемдөөгө багытталган.