Кыргызстан менен Монтана штаты маданий алакасын кеңейтет

Маданият 17 сентябрь 2026 18:05
813698531_1611999770503569_6354076819638869745_n.jpg
813765487_2322899331861990_5136074739978775824_n.jpg
813939927_2587107351790416_209851852980228991_n.jpg
813430949_1121295393660433_157509979153808186_n.jpg
813645738_1566041221872970_3885913060398790119_n.jpg
814507627_1747213822991231_7536247851406938755_n.jpg
813399270_28198966506421030_9036124437833119884_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков менен Т. Гибсон баштаган АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын делегациясы жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, анда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттары талкууланды. Атап айтканда, жаштар саясаты, билим берүү, спорт, маданият, искусство жана кинематография тармактарындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Монтана штатынын өкүлдөрү жаштардын өнүгүүсүн колдоого багытталган демилгелер жана билим берүү программалары тууралуу маалымат беришти. Тараптар жаштар менен иштөө, билим берүү жана тарбия берүү багыттарында тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, спорттук жана башка жаштар программаларын ишке ашырууда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, Кыргызстанда Монтана штатынын Маданият күндөрүн жана Кино күндөрүн өткөрүү, ошондой эле Монтана штатында Кыргызстандын маданиятына арналган жооп иретиндеги иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар мындай демилгелер чыгармачыл жамааттардын жана жаштардын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу максатында мындан аркы өз ара байланыштарды бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.