Кытайда унаа сатуу ноябрда 8,1%га төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 09 Декабрь 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-12-09 at 08.44.58.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Кытайда унаа сатуу ноябрда 8,1%га төмөндөдү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка ылайык, ноябрь айында Кытайда жеңил автоунаалардын чекене сатуусу өткөн жылга салыштырмалуу 2,23 миллионго, ал эми октябрь айына карата 1,1%га азайган.

Кытайдын унаалар ассоциациясынын маалыматы боюнча, мындай көрүнүштү жылдын биринчи жарымындагы сатуунун өсүшү менен байланыштуу.

Жаңы энергия булактары менен жүргөн автоунаалардын сатуусу 4,2%га өсүп, 1,32 миллионду түздү.

Кытайдын жеңил унаа экспорту ноябрь айында өткөн жылга салыштырмалуу 52%га өсүп, рекорддук 601 миң бирдикке жетти.