Кытайда робот полиция иштей баштады

Дүйнө Загрузка... 05 Декабрь 2025 08:55
cc045cab-99d6-4da8-8a50-f237e76ef418.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган Хансин-1 аттуу робот полиция Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында кызмат өтөй баштады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда робот Ханчжоунун Биньцзян районундагы жол кесилишинде жол тартибин башкара баштады. Ал жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө үн аркылуу эскертүүлөрдү берип, жол белгилерин көзөмөлдөйт.

Роботтун системасы светофорлорго туташтырылган жана алардын сигналдарына жараша иштөө режимин өзгөртө алат. Компьютердик көрүү модулу аркылуу велосипедчендерди жана башка моторсуз колдонуучуларды таанып, эреже бузууларды аныктай алат.

Батареясынын иштөө мөөнөтү так көрсөтүлгөн эмес. Бирок, Кытайдын башка аймактарында колдонулган ушул сыяктуу роботтор, мисалы, Юньнань провинциясында, бир ирет кубаттоо менен 6–8 саатка чейин иштей алат.

Келечекте бул роботтун мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, калкка ыңгайлуу жана көп тармактуу кызматтарды көрсөтүшү күтүлүүдө.