Кытайда мамлекеттик кызматка кабыл алуунун жаш чеги жогорулады

Дүйнө Загрузка... 16 Октябрь 2025 16:50
WhatsApp_Image_2025_ff9ChuI.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Кытай акыркы ондогон жылдар аралыгында биринчи жолу мамлекеттик кызматка кабыл алууда жаш курагынын чегин кайра карап чыкты. Бул тууралуу China Daily жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кызмат боюнча башкармалыгы 30-ноябрда өтө турган улуттук экзамендин алдында жаңы эрежелерди жарыялады.

Жаңыланган талаптарга ылайык, талапкерлер үчүн жаш чегинин жогорку чеги көпчүлүк категориялар боюнча 35 жаштан 38 жашка көтөрүлдү. Ал эми магистрлик же илимдин доктору даражасына ээ болгон жарандар үчүн бул чектөө 40 жаштан 43 жашка чейин жогорулады.

Белгиленгендей, 2026-жылы Кытай борбордук мамлекеттик органдары жана алардын түзүмдөрү үчүн жалпы 38 100 мамлекеттик кызматкерди кабыл алууну пландап жатат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 602 кызматкерге аз, жана 2019-жылдан бери биринчи жолу кызматкер кабыл алуу кыскартылып жатат.

«Жаш курактын чеги өзгөртүлгөнү менен, негизги көңүл жаштарды жумуш менен камсыздоого бурулган. Бош орундардын 26 миңге жакыны акыркы жылдары жогорку окуу жайларды аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн каралган», – деп айтылат билдирүүдө.