Кытайда курт жана жөргөмүш кошулган кофе популярдуу болууда

Дүйнө 21 ноябрь 2025 11:35
Кытайда курт жана жөргөмүш кошулган кофе популярдуу болууда
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Кытайдын Пекин шаарындагы музейлердин бири майдаланган жөргөмүш жана кургатылган сары ун курттарынан даярдалган өзгөчө кофени сунуштай баштады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, музейдин ашканасында сатыла баштаган бул адаттан тыш кофе 45 юань турат.

Музей кызматкеринин айтымында, суусундуктун идеясы музейдин темасына ылайык болгондуктан пайда болгон.

“Жөргөмүш кошулган кофени көбүнчө жаштар кызыгуу менен татып көрүшөт”, – деди ал.

Суусундук кыска убакытта интернетте популярдуулукка ээ болгон. Аны татып көргөндөр кофенин ачуу жана бир аз кычкыл даамга ээ экенин айтышат.

Кофенин бардык ингредиенттери салттуу кытай медицинасынын чөп дарыларынан алынган. Музей кызматкерлери продукция коопсуз экенин белгилешет.

Салттуу медицинага ылайык, таракан кан айланууну жакшыртат, ал эми белокко бай ун курттары иммунитетти чыңдоого жардам берет.