Кытайда карылар үйүндөгү өрттөн кеминде 20 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 09 Апрель 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-04-09 at 13.37.50.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Кытайдын түндүгүндөгү Хэбэй провинциясындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 20 адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өрт Хэбэй провинциясынын Чэндэ шаарындагы Лонгхуа округундагы карылар үйүндө күн мурун жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамасында чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн саат 03:00гө карата өрттүн кесепетинен жалпысынан 20 адам каза болгон.

“Кырсык болгон жерге куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эксперттик топ жөнөтүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө”,-деп айтылат маалыматта.