Кытайда физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты 104 жашында каза болду

Дүйнө Загрузка... 20 Октябрь 2025 10:55
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Пекинде белгилүү физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты, Кытай Илимдер академиясынын академиги Ян Чжэньнин 104 жашында көз жумду. Бул тууралуу Цинхуа университети билдиргенин Синьхуа агенттиги жазды.

Окумуштуу ишемби күнү узакка созулган оорудан кийин каза болду.

Ян Чжэньнин 1922-жылы Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясынын Хэфэй шаарында төрөлгөн. 1940-жылдары ал АКШга кетип, ал жерде билимин улантып, илимий ишмердүүлүк менен алектенген. 1957-жылы Роберт Миллс менен бирге XX кылымдагы физиканын негизги жетишкендиктеринин бири болгон Янг-Миллс калибрлөө теориясын түзгөндүгү үчүн физика боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Кытайга кайтып келгенден кийин Ян Чжэньнин 20 жылдан ашык Цинхуа университетинде сабак берип, өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө, жаш адистерди даярдоого жана эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкон.