Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Кытайда интернеттеги ойдон чыгарылган образдарды жана жасалма контенттерди жайылтууга каршы эки айлык атайын өнөктүк башталды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Кытайдын Борбордук кибермейкиндик иштери боюнча комиссиясынын кеңсеси “Таза интернет: кыска видеолордогу ойдон чыгарылган образдарга каршы күрөш” аттуу өнөктүктү өткөрүүдө.
Анын алкагында блогерлердин башка адамдардын образын колдонуп, көрүүчүлөрдү көбөйтүү жана мыйзамсыз киреше табуу аракеттерине бөгөт коюу каралган.
Мында негизги беш багыттагы мыйзам бузууларга көңүл бурулат. Алардын арасында кайрымдуулук чогултуу же товар сатуу үчүн өзүн курьер, жакыр дыйкан, майып же оорулуу адам катары көрсөтүү, ошондой эле дарыгер, юрист жана мугалимдин атын жамынып, тиешелүү лицензиясы жок акы төлөнүүчү кеңештерди жана курстарды сатуу бар.
Мындан тышкары, белгилүү адамдарды дипфейк аркылуу туурап, коомчулукта резонанс жараткан окуялардын катышуучусу катары өзүн көрсөтүү жана жасалма аккаунттарды түзүү да көзөмөлгө алынат.
Ошондой эле жасалма байлыкты көрсөтүү, тез байып кетүүнү убада кылган схемаларды жарнамалоо, астрологдордун жана фэншуй боюнча кеңешчилердин кызматтарын жайылтуу, үй-бүлөлүк зомбулук, адам уурдоо жана жасалма кайрымдуулук тууралуу ойдон чыгарылган окуяларды таратуу аракеттерине бөгөт коюлат.
Өнөктүктүн алкагында интернет платформалары фейк аккаунттарды бөгөттөп, контенттин туура белгиленишин көзөмөлдөп, мыйзам бузган видеолорду сунуштоо алгоритмдеринен алып салууга милдеттендирилет.
Мындан тышкары, улгайган адамдарды жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн аватарларды колдонгон алдамчылык схемалардан коргоого өзгөчө көңүл бурулат.
Буга чейин Кытайда чыгарылган жаңы микросериалдардын 90 пайыздан ашыгы жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалары маалымдалган.