Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Кытайдын Хунань провинциясынын Цзысин шаарындагы Дунцзян көлүндө экскурсиялык кеме чөгүп, эки адам каза болуп, 27 адам жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык күн мурун жергиликтүү убакыт боюнча 16:30дар чамасында болгон.
40 орундуу экскурсиялык кеме көлгө оодарылып, 29 адам сууга кулап кеткен.
Учурда 2 адам дайынсыз болуп, издөө-куткаруу иштери уланууда.