Кытайда дарыгерлер кыздын башынан бычак алып чыгышты

Дүйнө 846 25 Август 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-08-25 at 10.49.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-25 at 10.49.49 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-25 at 10.49.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-25 at 10.49.49 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Кытайда дарыгерлер 3 жашар кыздын баш сөөгүнөн 15 сантиметрлик бычак алып чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кыздын апасы шейшепти алмаштырып жатып кокусунан аны ыргытып жиберген. Анын кесепетинен жанында турган бычак учуп кетип, кызынын башына тийген.

Узундугу 15 сантиметрге жеткен бычак кыздын баш сөөгүнө, оң кулагынын бир аз жогору жагында болгон.

Медициналык эксперт “баланын баш сөөгү жумшак болгондуктан” жаракат дароо өлүмгө алып келбегенин белгилеген.