Кытайда "бойдоктор күнү" башталды

Дүйнө Загрузка... 11 Ноябрь 2025 12:55
WhatsApp_Image_2025_K89TyJw.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Кытайдагы "бойдоктор күнүнө" арналган ири жылдык онлайн-сатуу башталды, деп кабарлайт Kazinform жергиликтүү маалымат булактарына таянып.

Башында акциялар болгону 11-ноябрда өтчү, бирок акыркы жылдары интернет платформалар сатуу активдүүлүгүн жогорулатуу максатында акцияларды узартууга киришти. Бул жылы арзандатуулар 14-ноябрга чейин уланат жана бул сезон тарыхтагы эң узакка созулган онлайн сатуу мезгили болот.

Сатуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн рыноктун ири оюнчулары өз платформаларына жасалма интеллектти киргизүүдө. Мисалы, Alibaba онлайн-сатуунун колдонмосуна өзүнүн ЖИ-моделин орнотуп, колдонуучулар үчүн издөө жана жеке сунуштарды жакшыртты.

Мисалы, "Юньнань трюфелинин кайсы түрүн арзан алса болот" деген сыяктуу суроо үчүн система жоопту гана бербестен, автоматтык түрдө продукцияларга шилтемелерди сунуштайт. Ал эми өндүрүшчүнү жана аймак көрсөтүлгөндө ЖИ кардарлардын пикирлерин карап чыгууну сунуштайт.

Мындан тышкары колдонмо виртуалдык форматта кийим жана аксессуарларды кийип көрүүгө мүмкүнчүлүк берген санариптик аватарларды түзүүчү инструмент менен жабдылган. Сатуучулар үчүн ЖИ товарлар боюнча видео жаратууну автоматташтырат, бааларды оптималдаштырат жана запастарды башкарууну жакшыртат.