Кытайда айыл чарба иштери үчүн алгачкы акылдуу робот иштелип чыкты

Дүйнө Загрузка... 13 Август 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-08-13 at 08.54.34.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Кытайлык окумуштуулар айыл чарба өсүмдүктөрүн кайчылаш чаңдаштырууга жөндөмдүү, жасалма интеллектке негизделген дүйнөдөгү алгачкы роботту ойлоп табышты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, GEAIR деп аталган бул робот кайчылаш чаңдаштырууну өз алдынча жүргүзө алат.

Бул ыкма түшүмдүүлүктү жогорулатууга, айыл чарба чыгымдарын азайтууга жана жаңы сортторду тезирээк иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Долбоорду Кытай илимдер академиясынын Генетика жана өнүгүү биологиясы институту ишке ашырган.

GEAIR азыркы селекция ыкмалары менен бириктирилип, автоматтык түрдө жаңы сортторду иштеп чыгууга жол ачты.

Бул технология буга чейин соя өсүмдүгүндө ийгиликтүү колдонулуп, гибриддик селекцияда Кытайдын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырды. Келечекте аны башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө да колдонуу пландалууда.