Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Кытайдын Харбин шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы кышкы туристтик сезондун негизги символдорунун бири болгон - алп кар киши кайрадан жасалып, коомчулукка көрсөтүлдү. Бул тууралуу Известия билдирет.
Маалыматка ылайык, бийиктиги 19 метрге жеткен фигура 3,5 миң куб метрден ашуун кардан жасалып, кышкы туристик сезондун алкагында тургузулду. Аны жасоого табигый кардан сырткары, кар аткычтар (снежные пушки) колдонулуп, тыгыз жана тегиз текстура камсыздалган. Ачылыштан кийин эле туристтер салттуу кызыл шарф тагынган, тоголок жүздүү кар киши менен сүрөткө түшүү үчүн активдүү келе баштады.
Долбоорго 64 скульптор жана 100дөн ашуун куруучу катышып, иш 11 күнгө созулган. Алгач 2019-жылы коммуналдык кызматкерлердин демилгеси катары башталган бул идея социалдык тармактарда кеңири популярдуулукка ээ болуп, жыл сайын өткөрүлүүчү туристтик символго айланды.
“Кытайдын муз борбору” деп аталган Харбин кышкы туризм индустриясынын ири борборлорунун бири бойдон калууда. Жакынкы күндөрү шаарда Күн аралындагы 1,5 млн чарчы метр аянтты камтыган кар айкелдеринин көргөзмөсү жана Сунгари дарыясынын тоңгон бетинде өтүүчү муз-кар карнавалы да ачылат.