Кытайда 160 чакырым аралыкка уча ала турган такси ишке кирди

Дүйнө 16 октябрь 2025 16:40
china-pilotless-taxi-drone-002.webp
china-pilotless-taxi-drone-003 (1).webp
china-pilotless-taxi-drone-003.webp
china-pilotless-taxi-drone-002.webp
china-pilotless-taxi-drone (1).webp
Алдыга
Артка
china-pilotless-taxi-drone-002.webp
china-pilotless-taxi-drone-003 (1).webp
china-pilotless-taxi-drone-003.webp
china-pilotless-taxi-drone-002.webp
china-pilotless-taxi-drone (1).webp
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Кытайдын EHang Holdings компаниясы тарабынан жасалган VT35 үлгүсүндөгү автономдуу учуучу такси Аньхой провинциясынын Хэфэй шаарында расмий түрдө тааныштырылды. Бул тууралуу "Казинформ" агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, VT35 - бул эки орундуу, электр кыймылдаткычы бар, өз алдынча башкарылган учуучу аппарат. Ал 160 чакырымга чейинки аралыкка уча алат жана шаар ичинде учуулар үчүн коопсуз.

Учак сегиз тик учуучу жана конуучу ротор менен жабдылгандыктан, чатырларга, унаа токтотуучу жайларга жана башка түзүлүштөргө конууга ылайыкталган. Ичинде отургучтар, сенсордук экран жана көңүл ачуучу интерфейс орнотулган.

Аппараттын дүйнөлүк сатыкка чыгуучу күнү азырынча так айтылган эмес.

Бирок, алдын ала маалыматтарга караганда, баасы болжол менен 913 миң АКШ долларын түзөт.