Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Кытайлык инженерлер жаныбарлардын мээсинин иштөөсүн туурай ала турган Darwin Monkey аттуу нейроморфтук компьютердин жаңы муунун тааныштырды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, анын авторлору Чжэцзян провинциясында жайгашкан Чжэцзян университетинин адистери.
Компьютер аталган илимий борбордо түзүлгөн. 960 даана үчүнчү муундагы Darwin 3 нейропроцессорлору менен жабдылган. Стандарттык жүктөм шартында анын электр энергиясына болгон муктаждыгы болжол менен 2 миң ватты түзөт.
Система 2 миллиарддан ашык импульстук нейрондорду жана 100 миллиарддан ашык синапстарды колдойт. Бул көрсөткүчтөр Darwin Monkey аппаратын логикалык ой жүгүртүүнү, көрүү, угуу, тилди түшүнүү жана үйрөнүү сыяктуу функцияларды айкалыштырган дүйнөдөгү алгачкы нейроморфтук компьютерге айлантат.
Платформада учурда нейрондук тармактарга негизделген тиркемелер иштеп жатат. Компьютер DeepSeek моделин колдойт жана логикалык анализ жүргүзүү, математикалык маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул нейрокомпьютердин эсептөө ресурстары нематоддордон баштап, балык, чычкан жана маймыл сыяктуу тирүү организмдердин мээ моделдерин кайра жаратууга жол ачат.
Аталган технология неврология жана мээни моделдөө тармактарында изилдөөлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.