Кытай Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалады

Министрлер кабинети Загрузка... 28 Май 2026 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолукту.

Жолугушуу "ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы" темасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумунун жана боордош шаарлардын башчыларынын жолугушуусунун алкагында болду.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосундагы үзгүлтүксүз саясий диалог өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Ошондой эле өлкөлөр стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу чыңдап, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүп жатканына жана эл аралык платформаларда активдүү өз ара аракеттенүү жүрүп жатканына токтолушту.

Мындан тышкары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз түзөрүнө ишенишерин билдиришти.

Өз кезегинде Кытай Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкө ар тараптуу активдүү өнүгүп жатканын айтып, Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалоо менен Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин маанилүүлүгүн белгиледи.