Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Кытай дүйнөдө биринчи болуп шамал энергиясы менен иштеген суу астындагы дата-борбор курду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордун жалпы кубаттуулугу 24 МВт болуп, ага 1,6 миллиард юань инвестиция салынган. Объект Шанхай соода аймагынын Лиганг жаңы районуна жайгаштырылган.
Салттуу дата- борборлорго салыштырмалуу бул технология:
- энергия керектөөнү 22,8% га,
- суу колдонуу көлөмүн 100%,
- жер пайдаланууну 90% кыскартууга мүмкүндүк берет.
Суу астындагы дата борбору керектеген энергиянын 95%дан ашыгы кайра жаралуучу булактардан, негизинен шамал энергиясынан алынат.
Лиганг районунун өкмөтү бул долбоорду технологиялык жетишкендик катары баалаган.